Топтомо пенсияны жүрөк жана онкологиялык операцияларга алса болот

14.02.2024, 14:47 Акчабар
Топтомо пенсияны жүрөк жана онкологиялык операцияларга алса болот

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдетүү төлөө эркектер үчүн 1964-жылдан тарта, ал эми аялдар үчүн 1969-жылдан тарта алардын айлыгынан 10% кармалат. Анын 2% Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна которулат. Бул тууралуу “Акчабарга” Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондуна акча төлөп жүргөндөр төмөнкү учурларда акчасын ала алышат:

  • жаран Кыргызстандан башка мамлекетке туруктуу жашаганга чыгып кеткен учурда;
  • пенсияга чыккан учурда;
  • эгер адам каза болуп калса, анын мураскерлери топтомо пенсияны ала алат;
  • онкологиялык, жүрөк оорууларына операцияга муктаж болсо;
  • ипотеканын базалык биринчи төлөмүнө жана ипотекалык насыяны жапканга акча керек учурда;
  • жумушсуз калган учурда айына 8 миң сомдон алып турууга болот.

“Ипотеканын базалык биринчи төлөмүнө жана ипотекалык насыяны жапканга 5 миң киши алды. Жалпы суммасы 1 млрд сомду төлөп бердик”, - деди Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев.

Тэги: пенсия Соцфонд Бактияр Алиев пенсия алуучулар топтомо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть