Премьер-министр: Өсүмдүк майы 163%га кымбаттады

16.02.2021, 15:30 Акчабар
Премьер-министр: Өсүмдүк майы 163%га кымбаттады

Өсүмдүк майы, эт, күрүч жана социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баалары акыркы 6 айда кымбаттады. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүккө болгон баанын өсүшү тууралуу толук маалымат бар.

«Мен өзүм деле буга чейин базарларды кыдырып, эл арасында айтылып жаткан маселелер тууралуу толук маалыматым бар. Өсүмдүк майы, эт, күрүч жана социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баалары акыркы 6 айда өстү. Өсүмдүк майы 163%га кымбаттады. Анын себептери, эмнелер аткарылды, импорттон кымбаттадыбы? Ушунун баарын анализдеп, өкмөт мүчөлөрүнө тапшырма бердим», - дейт ал.

Марипов азык-түлүк жарманкесин жайылтып, өндүрүүчүлөргө шарт түзүү менен баанын бир аз түшүшүн камсыздоого болорун айтат.

«Андан сырткары, Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине суюк майды эмнеге өзүбүз жүгөрү, семичке, сафлордон өндүрө албайбыз деген суроо коюлду. Кыргызстан өсүмдүк майынын 85%ын импорттойт, жок дегенде 50%ын өзүбүз өндүрөлү деген талапты койдум. Министрлик бул боюнча толук иш алып барат», - деди өз сөзүндө премьер-министр.

Тэги: Улукбек Марипов азык-түлүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть