Президент «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кол койду

02.04.2024, 11:22 Акчабар
Президент «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу ал Facebook'тагы расмий баракчасына жарыялады.

Мамлекет башчынын билдирүүсүндө өкмөттүк эмес уюмдар мындан ары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, банктан эсеп ачып, ачык-айкын иштей турганы жазылган.

"Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен. Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. “Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат. Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт", - деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, 14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “Чет элдик өкүл” деген статус берүүгө жол ачылып, кошумча отчёттор талап кылынат.

Эл аралык бир катар уюмдар өлкө башчыны документти четке кагууга чакырып келген.

Тэги: президент мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть