Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

22.08.2024, 03:08

Чүй облусунун Кемин районунда мамлекетке кайтарылган 350 гектардан ашык жерге ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, турак жайлар 9 кабаттан болот жана ал жер Кемин шаары деп аталат. Мында болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батирлер берилет.

Мамлекеттик ипотекалык компания курулуш иштерин 2025-жылдын жаз айларында баштайт. Турак жайларды 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага алса болот.


Читать похожее