Президент “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

15.04.2022, 14:22 Акчабар
Президент “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Мында, мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары Мыйзам тарабынан жөнгө салынбай тургандыгы белгиленген.

Айта кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 6-апрелде кабыл алынган.

Тэги: мамлекеттик сатып алуулар уставдык капитал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть