Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүк этап-этабы менен жанданышы мүмкүн

27.04.2020, 11:50 Акчабар
Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүк этап-этабы менен жанданышы мүмкүн

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-апрелде, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кризиске каршы чаралар планын ишке ашыруу, өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө аракеттери боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Президент айрым региондор жана жалпы республика боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө жараша экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуунун ар кандай варианттары каралышы керектигин айтты.

Тэги: президент Өкмөт башчы Спикер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть