Көмүрдүн баасы 0,6% арзандады

10.01.2020, 15:00 Акчабар
Көмүрдүн баасы 0,6% арзандады

Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, көмүрдүн 1 тоннага болгон чекене баасы 2020-жылдын 9-январына карата 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу орточо эсеп менен 25,14 сомго же 0,6% азайды.

Ноокат шаарында көмүрдүн керектелүүчү орточо баасы 7 миң 532,55 сомго (1 тоннага) катталган. Баткен шаарында 7 миң 318,61 сомго катталган. Муну менен катар башка көмүр жерлерде баанын саны өзгөрүүсүз калды.

Көмүрдүн минималдуу чекене баасы Балыкчы шаарында 3 миң 694,59 сомго жана Нарын шаарында 3 миң 500 сомго, Чаек айылында 2 миң 500 сомго катталган.

Ал эми Өзгөндө көмүрдүн бир тоннага болгон баасы - 402,69 сомго же 8,1%, Таласта - 215,71 сомго же 4,2% жогорулаган. Ал эми Баткенде бир тоннага болгон баа - 489,31 сомго же 6,3% жана Токтогул шаарында - 187,51 сомго же 3,9% кыскарган.

Тэги: регион көмүр баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть