Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    11.02.2021, 07:00

    Россия-Кыргыз өнүгүү фонду ишкерлерге жылына 9% чен менен лизинг техникаларды алуу сунушун берет. Бул тууралуу фонддон маалымдашты.

    [news 32228]

    Ишкерлер насыяны банк-өнөктөштөр аркылуу жаңы техникаларды 10% алдын ала төлөп, жети жылга чейин 9% чен менен улуттук валютада ала алат. Ал эми доллар менен жылына 5% ченде берилет.

    Жаңыланган лизинг программасы айыл чарба техникаларын гана алууга эмес, кайра иштетүүчү, өнөр жай жана тамак-аш, медициналык жабдыктарды алууга болот.

    Кошумчалай кетсек, өлкөдөгү капиталдык салымдардын ичинен лизингдин үлүшү 3.5% тузөт. Дуйнөлүк практикада бул көрсөткүч 30-35% түзөт.


    Читать похожее

    • 02.08.2024, 03:15:40
    • 29.05.2024, 04:43:01
    • 13.05.2024, 00:15:43
    • 29.03.2024, 05:26:34