Садыр Жапаров Ереванда ЖККУнун кезектеги сессиясына катышат

22.11.2022, 12:10 Акчабар
Садыр Жапаров Ереванда ЖККУнун кезектеги сессиясына катышат

Садыр Жапаровэртең, 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барат. Бул тууралуупрезиденттикадминистрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын Уюмга төрагалык кылуунун жыйынтыгын чыгарышат жана Беларусь Республикасынын төрагалыгы маалындагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угушат.

Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда”, - деди Муратбек Азымбакиев.

Тэги: ЖККУ Садыр Жапаров Армения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть