Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

23.04.2024, 09:40 Акчабар
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулашат. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат. Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат”, - деди Муратбек Азымбакиев.

Тэги: Садыр Жапаров Азербайжан мамлекеттик сапар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть