Боронов: COVID-19 жуктурбагандардан справка талап кылынбайт

05.05.2020, 15:30 Акчабар
Боронов: COVID-19 жуктурбагандардан справка талап кылынбайт

Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу ашыкча болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Кубатбек Боронов ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керектигин белгиледи.

Анын айтымында, аймакка кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттордо бардык кирген жана чыккан унаалар менен жарандарды Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан бекитилген текшерүү аракеттеринин алгоритмине ылайык көзөмөлдөөнү күчөтүү улантылышы шарт.

«Жаранда COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалымкатты талап кылуу ашыкча болуп саналат», - деп баса белгиледи ал.

Тэги: Саламаттык сактоо министирлиги Кубатбек Боронов COVID-19

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть