УКМК: Саламаттык сактоо министрлигинде коррупциялык схема аныкталды

26.03.2021, 14:30 Акчабар
УКМК: Саламаттык сактоо министрлигинде коррупциялык схема аныкталды

УКМК тарабынан саламаттык сактоо системасындагы туруктуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында коронавирус пандемиясы учурунда атайылап жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуунун системалуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2020-жылдын май айларында Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, ал эми алардын базар баасы 600 миң АКШ долларын түзгөн. Мисалга алганда, 40 даана сатылып алынган ар бири 30 миң АКШ долларынан турган желдеткичтердин баасы Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары, 2020-жылдын сентябрь айында Саламаттык сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң АКШ долларынан болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң АКШ долларынан ашпаган суммада болгон.

Ушундай эле абал медициналык мекемелерге дем алууну колдоочу каражаттарды (концентратор) жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө дагы байкалган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Тэги: коррупция УКМК саламаттык сактоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть