Опубликовано
06.04.2020, 07:452020-жылдын I кварталындагы саламаттык сактоо мекемелеринин чыгашасы 3 млрд 165 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги маалымдады.
[news 22881]
Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо министрлигинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду приоритеттүү негизде каржыланып жатат.
«2019-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу, 2020-жылы каржылоо 13.8% жогорулаган», — деп жазылат маалыматта.
2020-жылы финансы министрлиги тарабынан саламаттыкты сактоо министрлигинин мекемелерин каржылоо, 2019-жылга салыштырмалуу 29.4 млн сомго жогору болгон.