akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    20.05.2024, 04:02

    30-апрелге карата Улуттук банк 480 млн 525 миң сом зыян тартканын билдирди. Бул тууралуу Улуттук банктын финансылык баяндамасында айтылат.

    Улуттук банк 2024-жылдын башын финансылык терс жыйынтык менен баштады. Алсак, январь айында 126,5 млн сом зыян тартса, февраль айында 145 млн 292 миң сомго (+18,8 млн сом) чейин өскөн.

    Март айында көзөмөл органы февраль айына салыштырмалуу чыгашаларды 17,3 млн сомго кыскарта алды. Жыйынтыгында Улуттук банк биринчи кварталды 127 млн 950 миң сомго жапты.

    Бирок Улуттук банктын акыркы отчету банктын терс финансылык натыйжаларын алуусун улантып жатканын көрсөтүүдө. Апрель айында Улуттук банк 352 млн 575 миң сом зыян тартты. Бул Улуттук банктын быйылкы жылдын бир айындагы эң ири терс финансылык натыйжасы.

    Натыйжада апрель айынын аягында Улуттук банктын чыгымы 480 млн 525 миңди түзүп, март айына салыштырмалуу 3,75 эсеге көбөйгөн. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы апрель айынын аягында 8 млрд 64,4 млн сом кирешеге ээ болгон.

    Кошумчалай кетсек, буга чейин Улуттук банк "Акчабарга" банктын чыгымы боюнча комментарий берген. Маалыматка ылайык, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана тышкы таасирлердин мүмкүн болуучу терс кесепеттерин чектөө үчүн Улуттук банктан кошумча чыгашалар талап кылынышы мүмкүн.


    Читать похожее

    • 30.07.2024, 02:24:53
    • 20.05.2024, 00:21:47
    • 19.05.2024, 22:02:42
    • 10.02.2022, 05:24:30