akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    30.07.2024, 08:24

    “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы быйыл алты айда 450 млн сом таза киреше алган. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Төрөкелди Өмүров маалымат жыйынында билдирди.

    Анын айтымында, алты айда ишкананын кирешеси 1 млрд 178 млн сомду түзгөн. Ал эми чыгашасы 726 млн сом болду.

    Быйылкы алты айдын таза кирешеси 2023-жылга салыштырмалуу 112 млн 670 миң сомго көбөйгөн. Былтыр киреше 945,9 млн сом, ал эми чыгаша 607,9 млн сомду түзгөн. Пайда 330 млн сомго жеткен.

    Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,3%га өскөн.


    Читать похожее

    • 30.07.2024, 02:24:53
    • 20.05.2024, 00:21:47
    • 19.05.2024, 22:02:42
    • 10.02.2022, 05:24:30