Үч айда «Салык чек» тиркемесинен 7 млрд сомдон ашык чек сканерден өттү

03.10.2023, 13:50 Акчабар
Үч айда «Салык чек» тиркемесинен 7 млрд сомдон ашык чек сканерден өттү

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы башталгандан бери үч ай өттү. Долбоордун алкагында катышуучулар “Салык чек” тиркемеси аркылуу жалпы суммасы 7 млрд сомдон ашык 5,6 млн жакын кассалык чектерди сканерден өткөрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта лотереяга 45 миңден ашык адам кошулса, бүгүнкү күндө катышуучулардын жалпы саны 283 миңден ашты.

Эскерте кетсек, кийинки лотерея 25-30-декабрда өтөт. Анда Бишкекте 10 батир, 11 электромобиль, 4 чет өлкөгө саякат, 521 iPhone 14, 519 акылдуу телефон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фен ойнотулат.

Тэги: Салык чек лотерея байге ККМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть