Опубликовано
23.09.2020, 07:3021-сентябрда Финансы полициясы тарабынан Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери бюджетке 6 млн сом зыян келтирген деген айып менен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
[news 28241]
Маалыматка ылайык, кармалган салык кызматкери, мыйзамсыз бир нече патентти башка мамлекеттик кызматкерлер менен бирге берген. Мамлекеттик бюджетке болжол менен 6 млн сом зыян келтирилген.
«Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана бүгүн анын баш коргоо чарасын кароо үчүн, Биринчи май райондук сотуна жеткирилет», - деп жазылат билдирүүдө.