Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.03.2021, 05:30

Салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-февраль айларында 5 млрд 600,1 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Белгиленген план 102,8 %га аткарылды же 150,1 млн сомго көп жыйналды, - деп билдирет салык кызматы.

[news 32714]

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын эки айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 343,9 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 106,5 %ды түздү.

Ошол эле учурда, ушул жылдын февраль айында 3 млрд 80,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. План 30,3 млн сомго ашык аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 210,8 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 107,3 %ды түздү.


Читать похожее

  • 25.07.2024, 21:45:50
  • 04.04.2024, 04:15:50
  • 11.04.2022, 03:37:26
  • 04.03.2022, 01:56:21