Салык кызматы калкка кызмат көрсөтүү үчүн «Бирдиктүү терезе» тармагын кеңейтүүдө

29.01.2020, 17:30 Акчабар
Салык кызматы калкка кызмат көрсөтүү үчүн «Бирдиктүү терезе» тармагын кеңейтүүдө

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча калкка кызмат көрсөтүү боюнча «Бирдиктүү терезе» тармагын кеңейтүүдө. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Азыркы учурда 60 аймактык салык органдарынын ичинен 52си «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызмат көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, ири соода-базар комплекстеринде жана соода борборлорунда, ошондой эле «Сосновка» контролдук өткөрмө пунктунда түзүлгөн 13 сервистик борбор жана пункт иштеп жатат. Ал жерден ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга болот.

Салык кызматы заманбап инфратүзүмдү жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө стандарттарын түзүү боюнча ырааттуу түрдө жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, калган бардык салык органдарында да «Бирдиктүү терезени» ачууну пландоодо.

Жарандар жана салык төлөөчүлөр «Бирдиктүү терезеден» кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин алууга, анын ичинде отчетторду берүүгө, маалымкат алууга, салыктык каттоодон өтүүгө, патентти жана камсыздандыруу полисин сатып алууга же узартууга жана башка кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

«Бирдиктүү терезенин» жана сервистик борборлордун алкагында көрсөтүлгөн кызматтар жарандарга салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерди аткаруу жол-жоболорун жеңилдетип, убактыларын үнөмдөйт. Эң негизгиси, салык органдарынын кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөр үчүн шарттарды минималдаштырат.

Эскерте кетсек, салык органдарындагы «Бирдиктүү терезелер» дүйшөмбүдөн жумага чейин эртең мененки саат 9.00дөн 18.00гө чейин түшкү тамактанууга тыныгуусуз иштейт. Ал эми түшкү тамак убагында жарандарды кезметчи кызматкерлер тейлешет.

Салык кызматы аймактык салык органдарындагы «Бирдиктүү терезелердин» ишине карата сунуштарды жана сын-пикирлерди кароо үчүн дайыма ачык.

«Бирдиктүү терезелердин» кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берген учурда же алардын аракетсиздиги үчүн Салык кызматынын борбордук аппаратына 0312-61-31-89 ишеним телефон номери, Маалымат борборунун 1240 же info@sti.gov.kg электрондук почта дарегине, ошондой эле Салык кызматынын социалдык тармактардагы расмий баракчалары (Facebook, Twitter, Instagram, Telegram, Google) аркылуу кайрылууну суранабыз.

Тэги: салык кызматы Бирдиктүү терезе

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть