Мамлекеттик салык кызматы 116 кыска номери боюнча колл-борбор ачат. Тиешелүү токтомгопремьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Документте айтылгандай, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборунун иштөөсү үчүн «116» телефон номерин бөлүп берсин.