Салык кызматы салыты убагында төкпөгөндөргө кандай чаралар көрүлөрүн эске салды

29.04.2022, 15:05 Акчабар
Салык кызматы салыты убагында төкпөгөндөргө кандай чаралар көрүлөрүн эске салды

Мамлекеттик салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы барларга кандай чаралар колдонуларын эске салды.

Учурда салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды мажбурлап өндүрүү жөнүндө доо арыздарын берүү боюнча толук кандуу иштерди ишке ашырууда. Доо арыздары менен бир эле учурда доо арызын камсыз кылуу тууралуу тиешелүү арыздар берилет.

“Салык органдарынын пайдасына чыгарылган сот чечимдери боюнча “Соттук аткаруучунун статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамда каралган механизмдерди колдонуу менен бул чечимдерди мажбурлап аткартуу иштери жүрүп жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Атап айтканда, салык төлөөчүлөргө (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө) карата мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

  • карызкордун банктардагы жана казыналыктардагы эсептерин, ошондой эле баалуу кагаздарын, мүлкүн камакка алуу;
  • карызкордун Кыргызстандан чыгуусуна убактылуу тыюу салуу;
  • кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоого тыюу салуу;
  • банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салуу;
  • карызкордун аты-жөнүн жана башка паспорттук маалыматтарын алмаштырууга тыюу салуу;
  • лотереялык утуштарды, белектерди, материалдык жардам же мурас катары алынган акча каражаттарын жана/же башка мүлктү жана башкаларды алууга тыюу салуу.

Мындан тышкары, соттордун салык органдарынын пайдасына чыгарылган чечимдери боюнча мамлекеттик алымды төлөө милдети жоопкерге (салык төлөөчүгө) жүктөлөт.

Белгилей кетсек, карызды өндүрүп алуу жөнүндө күчүнө кирген соттук актылар боюнча “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамында каралган реструктуризациялоо механизмин колдонуу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу салык кызматы салык төлөөчүлөрдөн жагымсыз кесепеттерди болтурбоо үчүн салык карыздарын толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүсүн өтүнөт.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата салык карызы бар деп таанылган 535 салык төлөөчүгө өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыгы маалымдалган. Ошондой эле 1-апрелине карата 183 миң 863 салык төлөөчүнүн таанылган салык карызы, ошондой эле 7 миң 812 субъекттин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар экени белгилүү болгон.

Тэги: салык кызматы салык жана төлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть