Салык кызматы: жарандар беш жыл мурда саткан мүлкүнө салык төлөш керек

19.10.2023, 16:35 Акчабар
Салык кызматы: жарандар беш жыл мурда саткан мүлкүнө салык төлөш керек

Жарандардан 5 жыл мурда саткан мүлкүнө салык алуу туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Депутат Министрлер кабинетине бул маселени кайра карап чыгууну сунуштады. Анын айтымында, жарандардан акыркы эки жылда төлөнбөгөн салыктарды гана талап кылган туура.

“Жарандар 5-6 жыл мурда саткан кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүнө 10 пайыз салык төлөө боюнча кагаз алып жатышат. Убагында төлөбөгөнү үчүн айып пулу дагы кошулуп жатат экен. Ооба, салыкты төгүш керек, бирок бул жерде бир гана жарандар эмес, салык кызматкерлеринин дагы күнөөсү бар. Минкаб карап чыгып, бир чечим кабыл алышы керек”, - деди Улукбек Ормонов.

Мамлекеттик салык кызматынын Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, Кодекске ылайык салыктык милдеттемелер 6 жылга чейин эскирбейт.

Сатып алынган мүлктү бир жылга жетпей кайра сатса, анда 10 пайыз киреше салыгын төлөөгө тура келет.

“Бул жаңы норма эмес. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, бирок 2022-жылга 2 жылды түзсө, азыр 1 жылга кыскарган. Мүлктү кайра сатуудан киреше алган жарандар календардык жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек”, - дейт мамлекеттик мекеме.

Тэги: кыймылсыз мүлк салык жана төлөм салык кодекси

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть