"Санарип көчмөн" макамы 2024-жылдын ортосуна чейин узартылды. Тиешелүү токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Аталган жобо өткөн жылы кабыл алынган жана мөөнөтү быйыл аяктамак.
Эске салсак, 2022-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 600дөн ашуун чет элдик жаран "Санарип көчмөн" статусун алуу үчүн кайрылган. Алардын көбү текшерүүдөн өтүп, иштөөгө укук алган.
"Санарип көчмөн" - Кыргызстанда жашаган жеринде каттоого турбастан, иштөөгө уруксат кагаздары жок виза албастан кирип-чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле жеке идентификациялык номер жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.