Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат

17.02.2022, 09:38 Акчабар
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат

Кыргызстандын Финансы министри Бакетаев Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы финистрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин ортосундагы мамлекеттик карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

"Сауд өнүктүрүү фонду 87,2 миң доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик тышкы карызды төлөөнү пайыздарды кошпостон 2027-жылдын августуна чейин узартуу менен тейлөөнү токтотуу жол-жобосун жүргүзөт",- деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда Сауд өнүктүрүү фонду менен эки тараптуу жолугушуу болуп, эки тараптуу кызматташуу талкууланып, өз кезегинде Финансы министри «Мамлекеттик мектепти куруу» долбоорун ишке ашырууда 30,0 млн доллар өлчөмүндөгү каржылык жардам жана өзүнчө №5 Улуттук компьютердик гимназия үчүн кошумча окуу корпусунун ачылыш аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле 2021-2026-жылдарга “Менин үйүм” турак-жай программасын ишке ашырууну талкууланды. Программанын максаты - Кыргызстандын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана ипотекалык кредиттөө жана эконом-класстагы турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мөөнөттүү туруктуу механизмин түзүү.

Тэги: Мамлекеттик карыз Сауд өнүктүрүү фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть