Сауд өнүктүрүү фонду өлкөнү медициналык жабдуулар менен камсыздайт

26.12.2023, 15:35 Акчабар
Сауд өнүктүрүү фонду өлкөнү медициналык жабдуулар менен камсыздайт

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ) Борбордук жана Батыш Азиядагы Операциялар боюнча директору Мохаммед Алмасуд жетектеген өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар “Бишкек шаарындагы мамлекеттик балдардын тез жардам ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү” долбоорунун жүрүшүн талкуулашты. Ошондой эле, Сокулуктагы жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы имаратын куруу боюнча жаңы долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

“Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Балдар ооруканасын куруу долбоору башталгандан бери бир топ иштер аткарылып, бүгүнкү күндө биргелешкен аракеттер менен курулуш графикке ылайык уланууда. Жаңы долбоор да жакынкы жылдарда ийгиликтүү ишке ашып, Сокулук Жалпы дарыгерлик практика борборунда жаңы имарат пайда болот деп ишенебиз”, -деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле, “Медициналык борборлорду жабдуулар менен камсыз кылуу жана карантиндик аймакты куруу жана жабдуу” гранттык долбоорунун алкагында медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзүлдү, ал 4 саламаттыкты сактоо уюмун жабдыйт. Алар Түп райондук ЖДПБ, Кара-Кулжа ЖДПБ, Улуттук фтизиатрия борбору жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институту.

Тэги: саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть