Опубликовано
23.10.2019, 04:17«Северэлектро» ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 1 - октябрга 366,9 млн. сомду түздү. Тогуз айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 347,6 млн. сомго же 48,7 %га төмөндөтүштү.
Дебитордук карыздын 312 млн. сомго же 59,3 % төмөндөшү калк категориясында катталган.
Бюджеттик уюмдар категориясы – 26,9 млн. сомго же 34,7 %;
- өндүрүш абоненттери – 9,5 млн. сомго же 21,1 % төмөндөтө алышкан.
Ал эми айыл-чарба керектөөчүлөрү категориясында дебитордук карыз – 215 мин сомго же 5,8 % жана башка керектөөчүлөрүндө – 615 миң сомго же 1 %га жогорулаган.
«Северэлектро» ААК тейлеген бардык аймактарда дебитордук карыздын төмөндөшү байкалат:
- борбор калаада – 100 млн. сомго же 46,6 %;
- Чүй облусунда – 206,9 млн. сомго же 52,1 %;
- Талас облусунда - 40,6 млн. сомго же 39,6 % га төмөндөгөн.