Бүгүн шайлоо комиссияларынын 31 миңден ашуун мүчөсү иштейт

10.01.2021, 12:40 Акчабар
Бүгүн шайлоо комиссияларынын 31 миңден ашуун мүчөсү иштейт

Бүгүн, 10-январда өтүп жаткан президенттик шайлоо жана КР башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумуна шайлоо участкаларында 650 аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана 31 119 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү иштейт. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5 миң 700 автоматтык эсептөөчү урна, 6 миң 700 идентификация боюнча жабдуу колдонулууда. Баардык маалыматтык системалар кадимки режимде иштеп жатат.

Буга чейин БШК системанын үзгүлтүксүз иштешин жана системанын администраторлорунун киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча окутуу иш-чараларын өткөргөн. Аймактык шайлоо комиссияларынын 59 системдик администраторлору, шайлоо участкалык комиссияларында автоматтык эсептөөчү урнаны иштетүүчү 5 миңге жакын, 6 миң 900гө жакын идентификациялоочу операторлору окуудан өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 6-январында автоматтык эсептөөчү урналардын сигнал кабыл алуусун тестирлөөдөн өткөрдү. Тестирлөө учурунда ыкчам маалымат берүү натыйжалуулугу 95%га чейин көтөрүлдү.

Ошол эле учурда республика боюнча 11 шайлоо участкалары бийик тоолуу жана алыскы интернет байланышы жок жерлерде жайгашкан. Алар Аксу районундагы Эңилчек айылы жана Баткен областындагы Зардалы айылы, Жалал-Абад областынын Сузак районунда, Ош областынын Кара-Кулжа жана Ноокат районунда ушул сыяктуу алыскы аймактар бар.

Тэги: Шайлоо КР Президенттик шайлоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть