Опубликовано
02.10.2020, 09:20Кара-Балтада өсүмдүк майдын баасы кымбаттап кеткен. Бул тууралуу «Акчабарга» өздүк булактар билдиришти.
[news 28527]
Аймактагы жашоочулардын айтымында, бүгүнкү күндө 1 литр «Аведовъ» майына болгон баа 103 сомду түзүүдө.
Учурда Кара-Балтанын калкы азык-түлүктүн аздыгына нааразы болуп жатышат. Алардын айтымында, азыркы учурда дүкөндөн күнүнө 5 литрден ашык суу май сатып алууга мүмкүн эмес.
«Суу майдын жетишсиз болуп жаткандыгынын бирден бир себеби, Россияда түшүмдүн аздыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн», — деп божомолдоду дүкөндүн сатуучусу.
Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кара-Балтада сентябрда 1 литр суу майга болгон баа 96.25 сомду түзгөн.