Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин депозиттик эсебине 6 млн 466 миң 962 сом түштү. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Улукбек Кочкоров билдирди.
«Комиссия бул каражатты 11 миң 916 муктаж болгон үй-бүлөгө азык-түлук алып берүү боюнча чечим чыгарды», — деп айтты Улукбек Кочкоров.
Анын айтымында, каражаттар Бишкек мэриясынан жана Чүй облусунун ыйгарым укуктуу аппаратынан бөлүнөт.