Соцфондго алдыңкы эки жылда пенсияны жогорулатуу үчүн 40 млрд сом керек

21.12.2023, 11:38 Акчабар
Соцфондго алдыңкы эки жылда пенсияны жогорулатуу үчүн 40 млрд сом керек

2024-жылы пенсияны жогорулатууга 960 млн сом каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы пенсия 33 пайызга, 2023-жылы 38 пайызга көтөрүлгөн. Пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга жогорулатуу пландалууда.

“2022-жылы пенсияны жогорулатуу үчүн 20 млрд сом талап кылынган. Быйыл 1-октябрдан тарта 3 млрд 905 сом керек болду. 2024-жылга 16 млрд сом керек. Эки эле жылдын ичинде бизге дагы 40 млрд сом керек”, - дейт Бактияр Алиев.

Ал кошумчалагандай, акыркы 10 жылдан бери пенсия жыл сайын 2-3 пайызга көтөрүлүп келет.

Белгилеп кетсек, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө белгиленген. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 500 сомдон кем эмес жогорулады. Бул үчүн 3,9 млрд сом каралган. Ал эми пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түзүп, орточо эсеп менен 1 миң 692 сомго өскөн. Бул инфляциянын деңгээлинен эки эсе көп.

Тэги: пенсия курагы Соцфонд Пенсиялык топтоо фонду жогорулатуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть