Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

27.08.2020, 09:00

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен 2018-2020-жылдарга «Иштеген иши үчүн азык-түлүк» кеңири масштабдагы долбоордун ишке ашырылуусу туурасында айтып беришти.

[news 27379]

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү активдүү социалдык жактан колдоо максатында, министрлик тарабынан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликтеги 2018-2020-жылдарга «Иштеген иши үчүн азык-түлүк» кеңири масштабдагы долбоор ишке ашырылууда.

1-июлга карата республика боюнча 519 инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү долбоорлор ишке ашты, анын алкагында 63,4 миң адам (12,4 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр) азык-түлүктөр (ун жана өсүмдүк майы) менен камсыз болгон. Жалпысынан долбоордун алкагында 2041 тоннага жакын азык-түлүк жардамдары берилди.

Азык-түлүктөр (ун жана өсүмдүк майы) бир катар аткарган иштери үчүн (жолдорду, каналдарды, ичүүчү суу системаларын куруу, бак дарактарды отургузуу, социалдык объектилерди оңдоо ж.б.) жардам алуучуларга (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө) берилген.


Читать похожее

  • 20.05.2024, 01:25:18
  • 10.05.2024, 00:22:29
  • 29.04.2024, 21:30:20
  • 26.03.2024, 01:40:57