Соода-өнөр жай палатасында туризм боюнча комитет түзүлдү

29.02.2024, 12:17 Акчабар
Соода-өнөр жай палатасында туризм боюнча комитет түзүлдү

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Темир Сариевдин айтымында, ИДПнын түзүмүндө туризм 5-7%ды түзөт, бул абдан жакшы көрсөткүч. Бирок туризм тармагында биргелешкен күч-аракет менен чечүүнү талап кылган айрым көйгөйлөр бар. Буга байланыштуу Соода-өнөр жай палатасынын алдында туризм боюнча комитет түзүлдү.

Жаңы комитеттин негизги милдети туризм тармагынын ишин системалаштыруу жана Кыргызстанда туризмди жагымдуу кылуу үчүн жаңы стандарттарды жайылтуу болмокчу.

Жыйында туризм боюнча комитеттин төрагалыгына “САТ” туристтик компаниясынын директору Данияр Казаков шайланды. Туризм тармагында да активдүү иштеген Гүлмира Карымшакова комитеттин орун басарлыгына дайындалды.

Тэги: кышкы туризм ички туризм турист СӨП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть