Опубликовано
24.10.2023, 09:05Социалдык фонд 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 53 миң 432 жаранга пенсия дайындады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, 2023-жылы сентябрь айында 3 миң 864 жаранга пенсия дайындалды.
Мындан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 730 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.