Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларындагы ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 90 млрддан ашык сомду түздү Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул көрсөткүч 2021-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 2,0 пайызга жогору.
Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында ИДПнын көлөмү 86 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2,8 пайызга жогорулады.