Сузакта жабыр тарткан балдардын дарылануусуна акча бөлүндү

03.05.2024, 15:18 Акчабар
Сузакта жабыр тарткан балдардын дарылануусуна акча бөлүндү

Сузакта жүк ташуучу унаа тебелеп кеткен балдардын дарылануусуна президенттин фондунан акча бөлүндү. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ооруканада жабыркаган мектеп окуучуларына УКМКнын башчысы да барды.

“Президенттин тапшырмасы менен иш сапардан түн ичинде Сузакка учуп келдим. Оор жаракат алган балдардын дарылануусу үчүн президенттик фонддон алардын ар бирине 200 миң сомдон бөлүндү. Калган жабырлануучуларга 50 миң сомдон бөлүндү. Ошондой эле дарыгерлер кеңешинин чечими менен зарыл болсо, жабыркагандарды атайын учак менен Бишкекке алып кетебиз”, - деди ал.

Эске салсак, 2-майда Сузакта миңдеген балдар “Манас” эпосуна байланыштуу иш-чарада "Портер" жүк ташуучу унаасы эңкейиштен ылдый түшүп, түз эле чогулган мектеп окуучуларын сүзүп кеткен. Окуянын кесепетинен 34 адам жабыркады.

Тэги: Сузак коомдук саламаттык мектеп окуучулары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть