Опубликовано
10.09.2020, 10:30Талас облусунда август айы үчүн коронавирус менен күрөшкө тартылган 776 медицина кызматкери кенемте алат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсызданлыруу фондунан билдиришти.
[news 27901]
Фонддон билдиришкендей, август айы үчүн коронавирус менен күрөшкө тартылган медицина кызматкерлерине 10 млн 814 миң сом төлөнүп берилет.
Ооруканалардын тизмеси:
1. Бакай-Ата районундагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу - 212 миң 800 сом (20 медицина кызматкери);
2. Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - 1 млн 232 миң 900 сом (71 медицина кызматкери);
3. Талас районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - 32 миң 400 сом (1 медицина кызматкери);
4. Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору - 1 млн 768 миң 800 сом (102 медицина кызматкери);
5. Бакай-Ата районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору - 1 млн 992 миң сом (148 медицина кызматкери);
6. Манас районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору - 1 млн 757 миң сом (104 медицина кызматкери);
7. Согуш жана эмгек ардагерлеринин ооруканасы - 186 миң 500 сом (15 медицина кызматкери);
8. Кара-Буура районунун аймактык ооруканасы - 774 миң 700 сом (51 медицина кызматкери);
9. Талас районунун аймактык ооруканасы - 483 миң 800 сом (36 медицина кызматкери);
10. Талас облустук бириктирилген оорукана - 2 млн 146 миң 400 сом (219 медицина кызматкери);
11. Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борбору - 227 миң 100 сом (6 медицина кызматкери).