Талас районунда дагы бир мектептин курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, Көк-Токой айылында жайгашкан билим берүү мекемеси 275 окуучуга ылайыкташкан.
Объекттин курулушу 2015-жылы башталган.
Анын жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.