Таласта кант кызылчасын кабыл алуу түйүнү ачылды

21.09.2023, 12:50 Акчабар
Таласта кант кызылчасын кабыл алуу түйүнү ачылды

Президенттин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов Маймак айылындагы кант кызылчасын кабыл алуу түйүнүнө барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу түйүнү Кайыңды кант заводу менен Талас облусунун дыйкандарынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган.

"Аталган түйүн күнүнө 600 тонна кант кызылчасын кабыл алат. Дыйкандар кант кызылчасын өткөрүп ордуна кумшекер түрүндө же накталай акча алуу мүмкүндүгүнө ээ", — деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, Талас облусу быйыл миң гектардан ашык аянтка кант кызылчасын эккен.

Тэги: кант кызылча Талас айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть