Таласта менчикке берилип кеткен 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

07.03.2022, 11:35 Акчабар
Таласта менчикке берилип кеткен 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдагы токтомунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү 2,59 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бөлүнүп, ага “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалы тарабынан укук берүүчү күбөлүгү даярдалып берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, баардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчике берилип кеткен 7 млн 770 миң сомго бааланган 2,59 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Тэги: жер тилке прокуратура мыйзам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть