Кечээ, 22-апрелде нөшөрлөгөн жаандан улам Талас районуна караштуу Көк-Кашат, Ак-Жар жана Кара-Суу айылдарында сел жүрдү.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жатат.
20-апрелде башталган нөшөрлүү жаандын айынан Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар унаа жолдору жабылган.
Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза болду.
Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.