«Тазалык» ишканасынын атайын техникалары аукциондо сатылат

12.02.2024, 09:40 Акчабар
«Тазалык» ишканасынын атайын техникалары аукциондо сатылат

Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын техникаларын сатуу боюнча аукцион өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 20-февралда болот.

Катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар бул техниканы сатып алуу үчүн 16-февралга чейин Чокморов, 246 дарегине арызын калтыруусу зарыл. Ачык аукцион 20-февралда саат 14:00дө өтөт.

Арыздар 2024-жылдын 16-февралына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти, муниципалдык менчикти каттоо бөлүмү, 2-бөлмө.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылса болот:

0(312) 45-44-12; 0707 45-19-48.

Тэги: аукцион техника

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть