5.3 миң тонна ата мекендик продукция текшерүүдөн өткөрүлдү

16.12.2019, 15:11 Акчабар
5.3 миң тонна ата мекендик продукция текшерүүдөн өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти, 2019-жылдын 9 декабрдан 16 декабрында экспортко чыккан 5325,76 тн. /3408 м³ ата мекендик айыл чарба продукциялары текшерүүдөн өткөрдү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, экспорттолгон жана импорттолгон продукциялардын этикетка жана маркалары, ошондой эле тастыктоочу документтер дагы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Россия Федерациясына жана Казахстан Республикасына экспорттолгон 484,4 тонна жашылча (болгар калемпири, сабиз, чеснок, пияз, капуста, түрп); 934,46 тонна мөмө жемиш (жүзүм, алма, алмурут, кара өрүк, анар, бийалма, хурма); 806,8 тонна кургатылган мөмө жемиш; 516,3 тонна жаңгак (Россия жана Түркия, Иран, Ирак) өлкөлөрүнө экспорттолгон жана 2127,5 тонна буурчак, России, Казахстан жана 14 алыскы , жакынкы чет өлкөлөргө багытталган. Картошка 252 тонна в Узбекистан, Туркменистан; азык түлүк тамактар – 204,3 тонна Россия, КЭР, Таджикистан, Узбекистан жана Монголия өлкөлөрүнө экспорттолгон. Жыгач материалдары — 3408 м3 Россия жана Узбекистанга экспорттолгон.

Баардыгы болуп- 1454 уруксат кагаздары берилген.

Жума ичиндеги текшерүүнүн натыйжасында Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Бардык экспорттолгон продукциялар даректери боюнча жеткирилген, жүктөрдү кайтаруу катталган эмес.

Тэги: экспорт ата мекендик товар продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть