Тез жардамдын жетекчилиги 18,4 млн сомду мыйзамсыз өздөштүрүп алган

16.02.2024, 09:25 Акчабар
Тез жардамдын жетекчилиги 18,4 млн сомду мыйзамсыз өздөштүрүп алган

Бишкек Тез жардам борборунун жетекчилиги мыйзамсыз 18,4 млн сомду өздөштүрүп алган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек шаарынын Тез жардам борборунда текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө 2022-жылы жана 2023-жылдын 7 айында Бишкек шаарынын Тез жардам борборунун жооптуу кызмат адамдары жана жетекчилиги кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, айлык акынын үнөмдөө фондусуна бөлүндү деген шылтоо менен эмгекке катышуу коэффициенти катары 18 млн 126 миң сомду борбордун бардык кызматкерлерине төлөбөстөн, өздөрү мыйзамсыз бөлүп алышкандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, аталган борбордун жетекчилиги дарыгерлерге, орто жана кенже медициналык персоналга айлык акыга кошумча төлөм катары каралган акчаны ай сайын өздөрү да мыйзамсыз алышып, жалпысынан 287 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү Кыргыз Республикасынын УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Тэги: Башкы прокуратура кылмыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть