Тигүү цехтери социалдык төлөмдөрдү көбүрөөк төлөй баштайт

23.01.2024, 13:47 Акчабар
Тигүү цехтери социалдык төлөмдөрдү көбүрөөк төлөй баштайт

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында тигүү цехтери үчүн социалдык төлөмдөр 12 пайыздан 40 пайызга чейин көтөрүлө турганы айтылды. Бул тууралуу Reporter.kg жазды.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, жеңил өнөр жай тармагы 15 жыл мурдагы убадасын аткарбай, көмүскөдөн чыга алган жок.

“Аларга жеңилдик иретинде 12 пайыздык гана төлөм киргизилген. Анын 6 пайызын жумушчу, 6 пайызын ишкер төлөйт. Бул 600-800 сом өлчөмүндө. Бирок ага карабай бул тармакта иштеген 197 миң киши Соцфондко бир тыйын чегербей жатат”, - дейт Бактияр Алиев.

Депутат Жылдыз Садырбаева бул демилге тигүү тармагын токтотуп коерун айтты.

Тэги: тигүү цехтери социалдык төлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть