Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Орусияга барбай турууну сунуштады.
Ведомство “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды аталган өлкөгө барбай турууга чакырат.
Белгиленгендей, Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөттү.