Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

14.01.2022, 09:22

Өткөн жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.

Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 13,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 11,4 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга - 9,7 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 7,1 пайызга өсүүлөрү байкалды.

"2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14,9 пайыз) Жалал-Абад облусунда катталган, азык-түлүк эмес товарларга (20,1 пайызга) жогору экени аныкталды",- деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 20.05.2024, 01:25:18
  • 10.05.2024, 00:22:29
  • 29.04.2024, 21:30:20
  • 26.03.2024, 01:40:57