Токмокто электрондук тамеки чыгаруучу завод ачылат

27.03.2024, 17:30 Акчабар
Токмокто электрондук тамеки чыгаруучу завод ачылат

Токмокто тамеки буюмдарын, электрондук тамекилерди чыгаруучу ишкана ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында “Центр Азия Тамеки” ишканасына барды.

Ишкана 2024-жылы иштеп баштайт. Заводдо өндүрүлгөн продукцияны Кытай, Азия жана Араб өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда. Заводдо 2 миң жумушчу орун түзүлөт.

"Баштапкы капиталдык салым 100 млн долларды түзөт. Келечекте капиталдык салымдын жалпы көлөмү 500 млн долларды түзөт", - деп билдирди Министрлер кабинети.

Тэги: электрондук тамеки Токмок завод

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть