Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети үч саатка ишин токтотот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган пунктан бүгүн күндүзгү саат 3 жарымдан кечки 6 жарымга чейин адамдар, унаа жана жүктөр өткөрүлбөйт. Мунун себеби техникалык иштерге байланыштуу.