Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына барды.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул сапардын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумунун ишине катышат.
Ошондой эле, Акылбек Жапаров Түркиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.