Опубликовано
17.02.2022, 08:00Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чарбалар аттестациядан өткөрүлүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтүнүн №516 токтомунда көрсөтүлгөн минималдык талаптарга жооп берген чарбалар "Асыл тукум" статусуна ээ болушат.
Ал эми Чүй , Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы чарбалар 2022-жылдын 1-мартынан тарта аттестациядан өткөрүлөт.